super.kg logo

Кубатбек Боронов Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүн капиталдык реконструкциялоонун жүрүшү менен таанышты

 

Премьер-министр Кубатбек Боронов Ысык-Көл облусуна жасаган иш сапарынын алкагында Чолпон-Ата шаарындагы Ысык-Көл райондук аймактык ооруканасынын жугуштуу оорулар бөлүмүн капиталдык реконструкциялоо иштеринин жүрүшү менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Оорукана 1986-жылы курулган. Бул убакыт аралыгында капиталдык оңдоп-түзөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Учурда медициналык жайдын 15 орундуу бир бөлүгү иштеп жатат. Бөлүмдү 100 орунга чейин кеңейтүү жана чатырын алмаштыруу иштери жүрүүдө. Учурда жумуштардын 80 пайызга жакыны бүттү.


Премьер-министр саламаттыкты сактоо мекемеси белгиленген мөөнөттө толук кандуу ишке берилиши керектигин белгиледи.

"Капиталдык ремонттон өтүп жаткан ооруканын жандандыруу бөлүмү жана интенсивдүү терапия бөлүмдөрү тийиштүү медициналык жабдуулар менен камсыз кылынышы керек. Оңдоо иштери сапаттуу жүргүзүлүүгө тийиш", - деди Кубатбек Боронов.


Муну менен катар өкмөт башчы эпидемияга каршы иш-чараларды күчөтүүгө, дарыгерлерди өз маалында бардык зарыл болгон каражаттар жана тийиштүү төлөмдөр менен камсыз кылууга өзгөчө көңүл бөлүү зарылдыгын белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: