super.kg logo
  Саясат  

Кыргызстандагы окуу жайларда Мамлекеттик тилди даңазалоо сабагы өтөт

 
23-сентябрда Мамлекеттик тил күнүнө карата бардык окуу жайларда «Эне тилим эчен кылым карыткан, эч ким аны өчүрө албайт тарыхтан» аттуу темадагы сабак өткөрүлөт. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматы билдирди. Сабактын максаты - жаштарга өз элин, жерин, эне тилин жана ата-бабадан калган улуу мурастарды урматтап аздектөөсү үчүн түрдүү булактардан маалыматтарды берүү, ошондой эле патриоттуулукка, намыскөйлүккө, ынтымак-достукка тарбиялоо. "Иш-чарада колдонулуучу каражаттар: КРнын Гимни, Кыргыз тилинин гимни, кыргыз комузу, «Манас», «Семетей», «Сейтек» жана да кенже «Курманбек», «Эр Табылды» жана башка эпостор, сүрөттөр, кыргыздын улуттук буюмдары, кийимдери, этнографиялык мааниси терең экспонаттар жана башкалар",- деп жазылган билдирүүдө.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: