super.kg logo
  Спорт  

"Бавария" Чемпиондор Лигасын алтынчы жолу жеңип алды

 

Бүгүн, 24-август күнү түндө Европадагы ири мелдештердин бири болгон Чемпиондор Лигасынын финалдык оюну өттү.

Финалда Франциянын "ПСЖ" командасы менен Германиянын "Бавария" командасы кез келди. Оюндун биринчи бөлүгүндө "ПСЖ" каршылашынын дарбазасына бир нече кооптуу соккуларды узатты. Эки команда тең бирдей ыргакта оюн алып барганы менен биринчи бөлүктө эсеп санын ача алышкан жок.

Оюндун экинчи бөлүгү кайрадан эле кооптуу чабуулдар менен башталды. Эки команданын дарбазачылары мыкты оюн көргөзүп жатышты. "Бавария" арты-артынан чабуул уюштуруп, жыйынтыгында оюндун 59-мүнөтүндө эсеп санын ачышты. Калган мүнөттөрдө "ПСЖ" канчалык аракет кылбасын эсеп санын теңей алышкан жок.

Жыйынтыгында "Бавария" Чемпиондор Лигасынын 2019/2020-жылдагы чемпиону аталып, бул турнирди алтынчы жолу жеңип алды.

"ПСЖ" - "Бавария" (0:1);

Голдор: Кингсли Коман (59-мүнөттө).

Беттештин мыкты оюнчусу болуп "Бавария" командасынын оюнчусу Кингсли Коман табылды.






"ПСЖ - "Бавария"

 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
24.08.2020. 08:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Псж женет дегендер менин алдыман отуп кеткиле! Бавария номер 1 алар чемпиондор алдынан чыкканын шерменде кылды Мессиси бар Барсанын абалы кандай болду эле! Алга Бавария! Татыктуу чемпиондор!
24.08.2020. 13:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
-8
bayern-munchen,кыйратып барып женип келгендей жазыпсынго тууганым, баардык нерсе оз убагы менен болот Месси убагында Месси Месси болуп турган
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: