Австриянын жүргүнчүлөрүн учуучу таксилер тейлей баштайт

Маалыматта учуучу унаалардын сырткы көрүнүшү квадрокоптерге окшош экени айтылат.
"Мындай өзгөчө каттам үчүн атайын инфраструктура иштелип чыгууда. Алсак, аэротаксилер үчүн аялдама жасалат. Инфраструктураны куруу иштери 2021-жылы башталат. Жүргүнчүлөрдөн тышкары аэротаксилер жүк ташууга да ыңгайлашат. Унаанын тесттик текшерүүсү жүргүнчүлөрсүз өтөт. Анда аэротаксинин шаарда жүрүүгө ыңгайлуулугу жана айлана-чөйрөгө болгон таасири текшерилет. Аталган долбоорду австриялыктар кытай инженерлери менен биргеликте иштеп чыккан. Азырынча аэротаксилер 260 килограммдан ашпаган салмакты гана көтөрө алат. Башкача айтканда, ага 2 адам гана отурса болот. Ылдамдыгы саатына 150 чакырымды түзөт. Абада жарым саатка чейин жүрө алат", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
6

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.