super.kg logo

Кипрда үйлөнүү үлпөт тоюнда кучакташууга, өбүшүүгө жана бийлөөгө тыюу салынды

 

Кипрда коронавирустук инфекциянын таралуу коркунучунун алдын алуу максатында үйлөнүү үлпөт тойлорунда кучакташууга, өбүшүүгө жана бийлөөгө тыюу салынды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинен бул чектөө үлпөт тойдун күнөөкөрлөрүнө тиешелүү эмес экендиги айтылган.

Бардык үлпөт той мааракелеринде коноктордун саны 250 адамдан ашпашы керек. Эгер коноктордун саны миңден ашуун болсо, маараке 4 сааттан ашпай жыйынтыкталышы керек. Отургучтар социалдык аралыкты сактоо менен коюлуп, конокторго бийлөөгө, кучакташууга жана өбүшүүгө толугу менен тыюу салынды.

Мындай чектөө 2021-жылдын 15-январына чейин бекитилди.

Аталган өлкөдө коронавирусту 1395 адам жуктуруп алса, 21 адам анын кесепетинен көз жумду.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: