Жети-Өгүз тургундары "Кумтөрдөн" акча талап кылды деп айыпталган Курманов менен Жунушбаевди бошотууну талап кылышты
Жети-Өгүз тургундары "Кумтөрдөн" акча талап кылды деп айыпталган Курманов менен Жунушбаевди бошотууну талап кылышууда. ИИМден билдиришкендей, 16-сентябрда Саруу айылында 200дөй жашоочу топтолуп, Эрмек Жунушбаев менен Бактияр Курмановду бошотуу талаптарын айтышты. Митинг эки жарым саатка созулуп саат 17:30 чамасында бүткөнү айтылды. Айта кетсек, "Кумтөрдөн" 3 миллион доллар талап кылды деп айыпталып Жунушов менен Курмановго 29-августта УКМК кылмыш ишин козгогон эле. Алар мурдагы депутат Садыр Жапаровдун тарапташтары экени белгилүү.
Автор: Автандил Добулбеков
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
19:43
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео
















