Ак-Талаада дан эгиндерин оруп-жыюу башталды (фото)







Нарын облусунун Ак-Талаа районунда дан эгиндерин оруп-жыюу иши башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Нарын облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Жаңы-Талап, Көк-Жар айыл аймактарында арпа аянтына комбайн түштү.
Быйыл облус боюнча 39 миң 866 гектар жер айдалып, анын 5757 гектарына буудай, 18 миң 877 гектарына арпа, 34 гектарына жүгөрү, 6151 гектарына картошка, 472 гектарына жашылча, 8551 гектарына чөп өсүмдүктөрү эгилген. Өткөн жылга салыштырмалуу быйыл буудай 800 гектарга, арпа 1815 гектарга көп себилген.
Учурда бардык райондордо тоют топтоо иштери жүргүзүлүп, айрым райондордо дан эгиндери чабыла баштады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.