super.kg logo

Шайлоо-2020: "Мөөнөт узартылбайт". Бүгүн партиялар БШКга документ тапшырып бүтүшү керек

 

24-августка карата "Ата Мекен", "Актив", "Мекен ынтымагы" жана "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы" партиялары БШКга документтерин тапшырышты. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мекеменин басма сөз кызматынын жетекчиси Руслан Изреков билдирди.

Анын айтымында, документтерди кабыл алуу бүгүн, 24-августта саат 18:00дө токтотулат.

"Бул жерден "Ата Мекен" партиясы гана документтерин жаңы эрежеге ылайык тапшырышты. Эскерте кетсек, жаңы эреже боюнча талапкерлердин тизмеси кагаз жүзүндө жана электрондук вариантта берилиши керек", - дейт Изреков.

Ал эми БШКнын мүчөсү Гүлнара Журабаева каттоо документтерин тапшырып жетишпей калган партиялар үчүн мөөнөт узартылбай турганын эскертти.

Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо 2020-жылдын 4-октябрына белгиленген. 3-сентябрда БШК бюллетенге кире турган партиялардын тизмесин жарыялайт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
24.08.2020. 14:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Уруш талашы жок тынч,адилеттуу отсо экен. Чындык менен адилеттуулук кочодо ыйлап калып калбаса экен
24.08.2020. 14:27 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Биримдик партиясы уже мамлекеттик ишканаларга басым жасап,алардын паспортторун чогулта баштады.
25.08.2020. 06:02 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Baiagy ele el satylbaibyz deit akchadan olgonsup satylywat shailoogo barbaibyz deit bir deputat kelip jakwy suilop koiso kowamat kylyp akchasyn alyp jap jawnakai satylyp kiiin taza iwtewpese tilin barmagyn tiwtep ar kaisyny suilowup oturup kalywat
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: