Чемпиондор Лигасынын финалынан кийин Филиппе Коутиньо "Бавария" клубунан кетерин жар салды
Бүгүн, 24-августта Португалиянын Лиссабон шаарында өткөн Чемпиондор Лигасынын финалынан кийин "Бавария" футболдук клубунун бразилиялык чабуулчусу Филиппе Коутиньо клубдан кетерин жар салды. Бул тууралуу футболчу өзү басылмаларга билдирген.
"Мен бир жыл бою эч кандай аракет кылбай ушул наамга жеткениме кубанычтамын. Бул убактылуу экенин билем жана бул менин келишимимде каралган. Мен бул клубда ойноп, кыялымды ишке ашырдым", - деген Коутиньо.
28 жаштагы Коутиньо "Бавария" клубунда жалпы 38 оюн өткөрүп, 11 гол киргизген. Клуб менен чогуу ал Германия Чемпиондугун, Германия Кубогун жана Чемпиондор Лигасын жеңип алды.
Филиппе Коутиньо келишим боюнча Испаниянын "Барселона" клубуна таандык.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.