"Жайдын илеби али күчүндө". 25-августка карата аба ырайы тууралуу маалымат
Эртең, 25-августта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облусунда жаан-чачын күтүлбөйт. Ал эми тоо этектеринде жана тоолуу райондорунда өткүн өтүп, күн күркүрөшү күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +13, күндүз +26;
Талас облусунда түнкүсүн +14, күндүз +27;
Ош облусунда түнкүсүн +18, күндүз +31;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +18, күндүз +31;
Баткенде түнкүсүн +18, күндүз +29;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +18, күндүз +22;
Нарын облусунда түнкүсүн +13, күндүз +28;
Бишкек шаарында күн ачык болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн +17, күндүз +31 градус болот.


1 |