Бишкекте 1-сентябрдан баштап кызыл "Тулпар" карталарын берген пункттардын бири жабылат
1-сентябрдан тарта жеңилдиктер каралган категориядагы жарандар үчүн чыгарылган кызыл "Тулпар" жеңилдик картасынын Бишкек шаардык троллейбус башкармалыгындагы пункту жабылат. Бул тууралуу Бишкек шаарынын мэриясынан билдиришти.Калган пункттарда - райондук акимчиликтерде кызыл карталар мурункудай эле бериле бермекчи.
"Тулпар" кызыл картасын төмөнкү даректерден алса болот:
- Ленин райондук администрациясы – Чүй кең көчөсү, 315 (Фучик көчөсү менен кесилишет);
- Октябрь райондук администрациясы – Байтик Баатыр көчөсү, 17 (Медеров көчөсү менен кесилишет);
- Свердлов райондук администрациясы – Чүй кең көчөсү, 28 (7-апрель көчөсү менен кесилишет);
- Биринчи Май райондук администрациясы – Жибек Жолу кең көчөсү, 348 (Логвиненко көчөсү менен кесилишет).
Ал эми көк карталарды автобус-троллейбустун айдоочуларынан жана уюлдук операторлордун кеңселеринен алууга болот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0
0
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.

Супер-Инфо
super.kg видео
















