super.kg logo

Кыргызстандыктар салыктарды үйдөн чыкпай туруп төлөй алышат

 

«Мой О!» мобилдик тиркемесинде «О! Деньги» капчыгы аркылуу автоунаанын салыгын эсептөө ыңгайлуу жана дароо төлөөгө болот.

Онлайн төлөө капчыктын колдонуучуларынын убактысын бир кыйла үнөмдөөгө жана социалдык контактыларды минимумга келтирүүгө мүмкүнчүлүк берет, анткени төлөмдү 5 мүнөттүн ичинде үйдөн чыкпай туруп жүргүзсө болот.

Автосалыкты кантип төлөсө болот? Толук видеонускаманы көрүңүз.

  1. «Мой О!» тиркемесин орнотуңуз же жаңылаңыз;
  2. «О! Деньги» бөлүмүн ачыңыз;
  3. «Салыктарды» тандаңыз, андан кийин «Транспортко салык»;
  4. Маалыматтарды толтуруңуз;
  5. Төлөөнү тастыктаңыз.

Төлөм жүргүзүлгөндүгү тууралуу электрондук дүмүрчөктү сактап койсо, электрондук дарекке же мессенжерге жөнөтүп принтерден чыгарып алса болот.

«О! Деньги» аркылуу башка салыктардын категорияларын дагы оңой төлөсө болот:

  • Кыймылсыз мүлк салыгы;
  • Жер салыгы;
  • Ыктыярдуу жана милдеттүү патент.

Эске салсак, 2020-жылы транспорттук каражаттын салыгын 1-сентябрга чейин, ал эми кыймылсыз мүлктүн салыгын жана жер салыгын 2-сентябрга чейин төлөө керек.

Тиркеме тууралуу.

«Мой О!» — бул О! абоненттерине номерди башкаруусуна, гигабайттардын жана мүнөттөрдүн калдыгын көрүп турууга, ошондой эле интернетти, коммуналдык кызматтарды, мобилдик байланышты жана «О!Деньги» ыңгайлуу капчыгы аркылуу 700дөн ашуун сервисти төлөөгө жардам бере турган функционалдык мобилдик тиркеме болуп саналат.

Google Play же App Store платформаларынан тиркемени орнотуп алыңыз.

«О! Деньги» сервиси «Грин Телеком Сервис» ЖЧК тарабынан көрсөтүлөт. КРУБ лицензиялары №2021030817, №3022030817


кошулду





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

“Көз караш”, “Эмгек жарчысы”, "Бизнес-Инфо" рубрикаларында чыккан материалдардын маани-маңызы үчүн интернет-порталдын администрациясы жооп бербейт. Жарнамалык материалдардын маңызы үчүн жарнама берүүчү өзү жоопкер.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: