super.kg logo
  Саясат  

Бишкекте М.Абакировдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

 

Бишкекте Максат Абакировдун (каймана аты Водолаз) уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришкендей, кылмышка шектүү жаран 1975-жылы туулган Назарбек Коёналиев. Ысык-Көл облусундагы Балыкчы шаарынын тургуну. Ал адам өлтүрүү, мыйзамсыз курал-жарак алып жүрүү сыяктуу беренелер боюнча айыпталууда. УКМК кабарлагандай, Коёналиев 2010-жылы Бишкектин Биринчи Май райондук сотунан Ж.Зикирбаев жана Р.Акматбаевдин уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөлөрүнүн качып чыгышын уюштурган. Окуяда Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын Коргоо жана конвоирлөө департаментинин кызматкери каза тапкан. Кармалган жаран УКМКнын убактылуу кармоочу жайына камалып, тергөө иштери жүрүп жатат.

 

 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: