Мамлекеттик бала бакчалар качан иштеп баштайт? Адистин жообу
Мамлекеттик бала бакчалар сентябрь айынан иштей баштайт. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Билим берүү башкармалыгынын бала бакчаларды көзөмөлдөгөн жетектөөчү адиси Чынара Майтикова билдирди.
Билдирүүгө ылайык бала бакчалар ачылган күнү дагы, тайпадагы балдардын саны 15-20дан ашпашы керектигин айтты.
"Мектепке чейинки билим берүү уюмдары сентябрь айынан тарта иштей баштайт. Учурда билим берүү министрлигинин буйругун гана күтүп жатабыз. Бирок биз жаңы окуу жылына бакчаларды даярдап, мониторинг жүргүзө баштадык. Шартка байланыштуу бала бакчага келген балдардын санын чектөөгө туура келет. Алсак, ар бир тайпага 15-20дан ашпаган бала кабыл алынат. Коопсуздук чаралары тууралуу айта кетсем. Ар бир бала бакчада бардык санитардык эрежелер сакталат. Балдар жана ата-энелер бет кап кийип келиши шарт. Бакчанын кызматкерлери, тарбиячы, педагогдор балдар арасындагы аралыктын сакталышын көзөмөлдөйт. Балдар сейилдөөгө чыкканда, эки топко бөлүнүп чыгат. Ата-энелер колдон келишинче балдарын көп убакытка калтырбай, колу бошору менен алып кетиши керек.
Ошондой эле наристе, кенже жана орто топтогу балдардын тайпасы ачылып, жогорку жана даярдоочу топтун балдары азырынча кабыл алынбайт. Буга себеп өлкөдөгү карантиндин алына электиги деп айтсак түшүнүктүү болот. Ага жараша коопсуздук эрежелерин сактоо зарыл экенин айтабыз. Көпчүлүк бакчаларда тайпадагы балдардын саны арбын экенин билебиз. Ошол себептен ата-энелер менен түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.
Балдарын караганга кишиси жок, бакчага өтө зарыл болуп жаткандарды аныктоо иши бала бакча жетекчилигине жүктөлдү. Бул үчүн атайын мониторинг жасалып жатат. Ал эми шартка байланыштуу бала бакчага бара албай калган бөбөктөр үчүн онлайн сабактар даярдалып жатат. Ата-энелер мындай ыңгайсыздыктарды туура кабыл алат деп ишенем. Анткени азыр эң негизги милдетибиз калктын, анын ичинде айрыкча балдардын ден соолугун сактоо болуп саналат", - дейт Чынара Майтикова.
