Маалым болгондой, Кыргыз Республикасынын «Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамынын 30-беренесине ылайык, Октябрь районунун башчысынын биринчи орун басары Алтынбек Маматов Ленин районунун башчысынын биринчи орун басары болуп дайындалды.

Ленин районунун Билим берүү борборунун директору Айзада Жунусова ушул райондун башчысынын орун басары кызматына которулду. Ал мурда райондук администрацияда 14 жыл эмгектенген.

Тиешелүү буйрукка калаа башчысы Азиз Суракматов кол койгон.