super.kg logo

Президент менен өкмөт башчы чек аралардын ачылышы, күз-кыш мезгилине даярдыктар жөнүндө маселелерди талкуулашты

 

Бүгүн, 24-августта президент Сооронбай Жээнбеков премьер-министр Кубатбек Боронов менен онлайн кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу президенттик аппараттын басма сөз кызматынан билдиришти.

Анда өлкөнүн учурдагы эпидемиологиялык кырдаалы, республиканын социалдык-экономикалык өнүгүүсү, тышкы чек аралардын ачылышы, күз-кыш мезгилине жана жаңы окуу жылына даярдыктар жөнүндө маселелер талкууланды.

Өкмөт башчысы карантиндик чараларды бара-бара алып салууга карата көрүлүп жаткан даярдыктар, транспорттук байланыштарды паритеттик негизде жандандыруу боюнча чет мамлекеттер менен сүйлөшүүлөрдүн жүрүшү жөнүндө маалымат берди.

Премьер-министрдин берген маалыматына ылайык, өлкө аэропорттору күнү-түнү жүргүнчүлөрдү санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо менен тейлөөгө даяр, аларда бардык керектүү шаймандар орнотулуп, тийиштүү алгоритмдер иштелип чыккан.

Ошондой эле ал башка кызматтар менен өз ара иштешүү үчүн салмак-көлөмдүк көзөмөлдөө санарип системинин жөнгө салынып жатканын билдирди.

Президент чек араларды ачууда чет өлкөлөрдөгү эпидемиологиялык кырдаалды эске алуу керектигин, айрым жерлерде пандемия токтобой жатканын баса белгиледи. Ал өлкө аймагында эпидемиологиялык кырдаалдын жакшырганына карабастан, Кыргыз жарандарын жеке тартипти жана бардык санитардык ченемдерди сактоо тууралуу маалымдоо ишин улантууга чакырды.

Мамлекет башчы аймактарга жүргүзүлгөн иш сапарынын жыйынтыгында финансы институттарынын, анын ичинде Кыргыз-Орус өнүктүрүү фондун продукцияларын экспортко багыттаган ишканаларга жеңилдетилген насыяларды берүү боюнча ишин канааттануу менен белгиледи.

"Санарип аймак" долбоорун жана "Түндүк" мекемелер аралык өз ара аракеттешүү электрондук системине мамлекеттик органдарды интеграциялоо долбоорлорун ишке ашыруу үчүн көзөмөлдү күчөтүүгө көңүл бурду.

Президент өкмөттү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизиндеги долбоорлор боюнча ишти активдештирүүгө чакырып, күз-кыш мезгилине карата даярдыктарды өз убагында көрүү, аймактардагы авариялык ооруканалардын жана мектептердин ремонтун тезинен бүтүрүүнүн маанисин дагы бир ирет белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: