super.kg logo

Шайлоо-2020: Чыр менен башталды, аягы кандай бүтөт? "Кыргызстан" партиясы боюнча БШКдагы чыр

 

25-августка караган түнү БШКнын имаратынын алдына партиялардын өкүлдөрү, жарандык активисттер жана журналисттер топтолду. Алар "Кыргызстан" саясий партиясы каттоодон мыйзамсыз өттү деген маалыматтын чын бышыгын билүү үчүн жыйналышкан.

БШКнын башчысы Нуржан Шайлдабекова "Кыргызстан" партиясынын жагдайына комментарий бербей жаткан. Көп өтпөй ал чогулгандарды кабыл алды.

Жыйынтыгында активист, журналист жана партия өкүлдөрүнүн талаптары себеп болуп, БШК тарабынан айрым эреже бузуулар болгондугун мекемеге баргандар айтып чыгышты.

Анда:

  • БШК видеодо эркек кишини "Кыргызстан" партиясынын өкүлү деп көрсөткөн, бирок журналда аялдын фамилиясы көрсөтүлгөн;

  • Убакыт оңдолгон;

  • Партиянын өкүлүнүн колу коюлган эмес.

Мындан сырткары шайлоого ат салышып жаткан партиялардын 8и документ кабыл алуу бүтөөрүнө 30 мүнөт калганда документ тапшырып үлгүрүшкөн.

24-августта саат 18:20да БШКнын басма сөз кызматы 17 партиянын тизмесин тапшырганын жарыялаган. Алардын ичинде "Кыргызстан" партиясы да бар экени айтылган.

Көп өтпөй социалдык тармактарга "Кыргызстан" партиясы документтерин мыйзамда белгиленген убакыттан кеч алып барганы тууралуу маалыматтар тарап, талкууга түшкөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
25.08.2020. 03:29 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+3
Документ кабыл алууга 30 мүнөт калгандабы же кабыл алуу бутөөрүнө 30 мүнөт калгандабы?
25.08.2020. 06:49 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
2010-жылдагы шайлоо таза откон десек болот себеби оппозиция партиясы биринчи орунда келген ошондо БШКны Акылбек Сариев жетектеген эле ошону кайра алып келиш керек эле
25.08.2020. 08:14 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Кечигип катталса,мыйзамга ылайык Кыргызстан партиясын шайлоого катыштырбаш керек БШК. Кечээ өзү сайрап аткан 18:00 гө чейин тапшыргыла,экинчи мүмкүнчүлүк жок деп!
25.08.2020. 09:42 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+6
Ушу Шайлдабекованын жаны бек экен,бул менен келгендер уже турмодо отурат
25.08.2020. 21:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Акчаларын сапырып атышат депутаттар.Голостор сатыла баштаптыр.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: