super.kg logo

Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилди

 

Президент Сооронбай Жээнбеков ВИЧ/СПИД жөнүндө мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу мыйзамга кол койду. Мыйзам Жогорку Кеңеш тарабынан 2020-жылдын 24-июнунда кабыл алынган.

Аталган мыйзамга ылайык, 18 жашка толгон адамдарга, ошондой эле ВИЧ/СПИД жугузган күнгө карата 18 жашка толо элек балдардын ата-энелерине (ата-энелерин алмаштырган адамдарга) мамлекеттик жана муниципалдык саламаттыкты сактоо мекемелеринде парентералдык жол менен ВИЧ/СПИД жуккан учурда бир жолку акчалай компенсация төлөнөт.

Бир жолку акчалай компенсацияны төлөө тартиби өкмөт тарабынан аныкталат. Бир жолку акчалай компенсациянын өлчөмү 1000 эсептик көрсөткүчтөн төмөн болушу мүмкүн эмес.

Жогоруда көрсөтүлгөн жоболор 2005-жылдын 23-августунан тартып ВИЧ/СПИД жугузганы аныкталган күнгө карата жашы жете элек балдарга жайылтылат (башкача айтканда, Кыргыз Республикасынын 2005-жылдын 13-августундагы №149 «Кыргыз Республикасындагы ВИЧ/СПИД жөнүндө» мыйзамы күчүнө кирген күндөн тартып).

Мыйзам 2022-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: