super.kg logo
  Саясат  

Зыяратчылардын алгачкы тобу Бишкектен Сауд Арабиясына учуп кетишти

 
Бүгүн, 17-сентябрда Кыргызстандык зыяратчылардын  алгачкы тобу саат 10:20да “Манас” Эл аралык аэропортунан учуп кетти. Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, зыяратчыларды сапарга узатуу үчүн муфтий Рахматулла ажы Эгембердиев барды. Белгилей кетсек, бул жылы ажылык сапарына чыгууга республика боюнча 3600 квота берилген, бүгүн 196 зыяратчы учуп кетишти. Быйыл 18 учак каттамы болуп, 17-сентябрдан 3-октябрга чейин Бишкектен Жидда шаарына, ал эми кайра кайтуу 17-октябрдан баштап Жиддадан Бишкек шаарына болмокчу.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: