super.kg logo
Warning: ksort() expects parameter 1 to be array, boolean given in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 384 Warning: Invalid argument supplied for foreach() in /var/www/super.kg/superstan/admin_secret/sources/classes/output/publicOutput.php on line 387
  Саясат  

Депутат Өмүрбек Текебаев эл өкүлдөрү кызматтык унаасы жок жүрүшү керектигин айтты

 
“Ата Мекен” фракциясынын жетекчиси Өмүрбек Текебаев ЖКнын бюджетин кыскартууга багытталган мыйзам долбоорун демилгелеп жаткандыгын бүгүн, 17-сентябрда ЖКнын Регламенти жана депутаттык этика боюнча комитетинин жыйынында билдирди. Айтымында, Кыргызстанда жыл сайын депутаттардын жардамчыларына 50 миллион сом кетет. “Ар бир депутатка болгону 1 эле жардамчы берилиши керек. Ошондой эле кызматтык унааларды да кыскартуу керек”,- деди эл өкүлү. Текебаев билдиргендей, 2012-жылы депутаттардын унаасына 106 миллион 613 миң сом сарпталса, 2013-жылга 105 миллион 562 миң сом керек. “Кызматтык унааларды ЖКнын жетекчилерине гана калтырыш керек. Ал эми калгандары башка чет өлкөлөрдөгүдөй эле коомдук унааларды, велосипед же өзүнүн унаасын колдонсо болот”,- деди эл өкүлү.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: