super.kg logo

Шайлоо-2020: "Бир Бол", "Ата-Мекен" партиясынын өкүлдөрү БШКга топтолуп, 4 атаандашы документтерди качан бергенин тактоону талап кылышты

 

Бүгүн, 25-август саат 10:00дө БШКнын имаратынын алдына шайлоого аттанып жаткан айрым партия мүчөлөрү, укук коргоочулар жана журналисттер чогулду. Алар БШКга документтерин убагында берип жетишпей калды делген төрт партиянын каттоодон өткөндүгүнүн чын бышыгын тактоо үчүн БШКнын өкүлдөрү менен жолугуу үчүн келишкен.

Анда партия өкүлдөрү шайлоодо каралган мыйзамдар бардыгына бирдей иштеши керектигин айтып, жумушчу топтун өкүлдөрү аларга каттоо журналында туура эмес жазылган убакыт боюнча түшүндүрмө берүүнү талап кылышты. Алардын алдына Борбордук шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматынын жетекчиси Руслан Изреков чыгып, жумушчу топ азыр документтер боюнча иштеп жатканын жана бардык суроолорго бүгүн саат 14:00дө өтчү жыйында жооп бериле тургандыгын айтты.

Ал эми укук коргоочу Өндүрүш Токтонасыров БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова жана жалпы шайлоо системинде жүрүп жаткан иштерге карата нааразы экенин айтып, имараттын алдына плакат көтөрүп турду.

Эске салсак, 25-августка караган түнү БШКнын имаратынын алдына партиялардын өкүлдөрү, жарандык активисттер жана журналисттер топтолгон. Алар "Кыргызстан" саясий партиясы каттоодон мыйзамда көрсөтүлгөн убакыттан кеч өтүп калган деген маалыматтын таралышы боюнча чыр чыккан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
25.08.2020. 12:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
"Ата мекен "сиздер денгээлинерге жараша иш кылгыла.бул силердин денгээлинерге жарашчу иш эмес.баарибир силер женесинер
25.08.2020. 12:57 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Шайлоо кенен жайлоо оюндары башталды
25.08.2020. 16:53 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Интермедия дагы башталдыбы, ушунча убакыттан бери эшектин терисин ийлештиби убагында тапшырбай же болбосон атайы жасашты "хайп" кылышып оздорун реклама кылганыбы. Дурдом
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: