super.kg logo

Шайлоо-2020: "Реформа" партиясы УКМКдан "Кыргызстан" партиясына байланыштуу жагдайды текшерүүнү өтүндү

 

"Реформа" партиясы УКМКдан "Кыргызстан" партиясына байланыштуу жагдайды текшерүүнү өтүндү. Бул тууралуу кайрылууну "Реформа" партиясынын лидери Клара Сооронкулова социалдык тармактагы баракчасына жарыялады.

"2020-жылдын 24-августунда БШК кызматкерлери "Кыргызстан" саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин каттоого документтерди кабыл алууда одоно мыйзам бузууларды кетирген. Документтер мыйзамда белгиленген мөөнөт аяктагандан кийин "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" конституциялык мыйзамдын 61-беренесин бузуу менен кабыл алынган. Документтер партиянын кызыкчылыктарын билдирүүгө юридикалык ыйгарым укугу жок адамдын атынан кабыл алынды. Каттоо журналына оңдоолор киргизилген жана документтердин берилгендиги партиянын өкүлүнүн колу менен тастыкталган эмес", - деп жазылат кайрылууда.

Клара Сооронкулова УКМКнын жетекчисинен мыйзамсыз аракеттерге катышкан БШКнын кызматкерлеринин жана мүчөлөрүнүн ким экендигин аныктоону өтүндү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(3)
25.08.2020. 11:20 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Азыркы бийлик Соке баш болуп элди сызга олтургузат.
25.08.2020. 12:05 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Бул кайдыгерлик.Бул бийлик Кыргыз элинин убуакытын бекер эле кармап турат.Убакытты кетирбей орунду бошотсонор сооп болот эле.Иштей ала туугандар иштеш керек.Убакыт кетип жатат.Эгемендуулуктон бери 30 жыл отту.
25.08.2020. 13:17 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Кыргызстан партиясын шайлоодон четтетиш керек ирас оздору мыйзамды бузуп жаткандан кийин
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: