super.kg logo

Республика боюнча 7 ай ичинде 1236 өрт кырсыгы катталган

 
Республика боюнча 7 ай ичинде 1236 өрт кырсыгы катталган. Өткөн жылга салыштырмалуу өрттүн саны 39,7 пайызга азайган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалым болгондой, өрттүн кесепетинен 10 адам каза болуп, 16 адам жабыркаган. Ошондой эле тилсиз жоодон 24 адам куткарылган. 763 өрт турак жай секторунда катталып, өрттүн жалпы санынын 61,7 пайызын түзгөн.
Өрттөрдүн негизги себептери:
• электр жабдууларын колдонуудагы этиятсыздыктан - 42,2 пайыз;
• мештерди жана морлорду этиятсыздык колдонууда – 10,9 пайыз;
• отко этиятсыздык менен мамиле кылуу – 19,1 пайыз;
• балдардын от менен ойноосунан – 5,6 пайыз.
Болуп өткөн өрттөрдүн саны төмөндөгүчө бөлүнөт:
• Бишкек шаарында - 207;
• Чүй облусунда - 334;
• Ош облусунда - 150;
• Жалал-Абад облусунда - 164;
• Ысык-Көл облусунда - 137;
• Нарын облусунда - 47;
• Талас облусунда - 64;
• Ош шаарында - 39;
• Баткен облусунда 94 өрт кырсыгы катталган.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: