super.kg logo

4 ай, 6 ай. Шайлоого аттанып жаткан өкмөт мүчөлөрү кызматында канча убакыт иштеди?

 

5 өкмөт мүчөсүнүн ыйгарым укуктары шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин токтотулду. Шайлоого аттанып жаткан өкмөт мүчөлөрү кызматында канча убакыт иштеди?

Өлкөдө коронавирус илдети аныкталып, өзгөчө абал жарыяланганда Алтынай Өмүрбекованын ордуна ошол кездеги Жогорку Кеңештин депутаты Аида Исмаилова вице-премьер-министрликке сунушталган. Анын талапкерлигин парламент колдоп, ал вице-премьер-министр болуп 1-апрелде дайындалган. Азырынча кайсы партия менен шайлоого барары айтыла элек.

Ал эми "Замандаш" партиясынан депутаттыкка аттанып жаткан Мелис Турганбаев Жазаларды аткаруу мамлекеттик кызматынын төрагасы кызматын 8-февралдан тарта аркалап келген.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министри Улукбек Кочкоров бул кызматка 2018-жылы 25-октябрда дайындалган. Ал "Биримдик" партиясы менен шайлоого барат.

Шумкарбек Адилбек уулу 2018-жылы 30-майдан тарта Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директору болуп иштеп келген. Ал кайсы партия менен шайлоого аттанары белгисиз.

Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт агенттигинин директору болуп Канат Аманкулов 2016-жылы 6-июнда дайындалган. Канат Аманкулов шайлоого "Мекеним Кыргызстан" партиясы менен барат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: