"Биринчи катар". Белгилүү актёр Михаил Ефремовдун сотуна билеттер сатылууда



Интернет булактарында белгилүү орусиялык актёр Михаил Ефремовдун сотуна билеттер сатылууда. Сатылып жаткан билеттердин баасы 500 миң рубль.
"Ефремовдун сотуна билет, биринчи катар" деп жазылуу жарыяланган жарнамада.
Эскерте кетсек, орусиялык белгилүү актёр, режиссёр жана теле алпаруучу Михаил Ефремовго кылмыш иши козголуп, иш сотко өткөн. Ал 8-июнда Москва шаарындагы борбордук көчөлөрдүн биринде мас абалында унаа башкарып, жол кырсыгына кабылган. Анын кесепетинен жүк ташуучу унаанын айдоочусу жаракат алып, ооруканага жеткирилип, көп өтпөй каза болгон.
Актёрдун жактоочусу кырсыкка кабылган учурда унааны Ефремов эмес, башка адам башкарып жүргөнүн айткан.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
Akshumkar

25.08.2020. 14:06
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Ой шумдугун кургур. Тим эле чм мира болсо дагы мыйзамда бар бекен сотко билет саткан.
algakaray

25.08.2020. 22:55
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Адам олуп атса мунун сотуна билет сатып киреби? Ушундан да шоу жасагандан корксо боло орустар.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.