super.kg logo

Криштиану Роналдунун сүйүктүүсүнүн "ооба" деп жазып, жүктөгөн сүрөтү талкууга түштү

 

Атактуу футболчу Криштиану Роналдунун сүйүктүүсү социалдык тармактагы баракчасына үйлөнүүгө байланыштуу жазган посттору ар кандай ушак кептерди жаратты.

Ал жүктөгөн сүрөттө 26 жаштагы Жоржина Родригес ачык кызыл түстөгү көйнөк кийип, ал эми Криштиану Роналду ачык көк түстөгү көйнөк жана ак шым кийип турганын көрүүгө болот. Сүрөткө Жоржина “ооба” деген гана билдирүүсүн калтырган.

Аталган билдирүү жана сүйүктүүлөрдүн мындай жасанып кийинген көрүнүшү интернет колдонуучулардын оюн келечекте боло турган үлпөт тойго түрткөн. Аларга катталуучулары суктанып, экөөнү тынымсыз куттукташууда.

Эске салсак, модель жана спортчу 2016-жылдан бери чогуу. Алар 2017-жылдын ноябрында Алана Мартина аттуу кыздуу болушкан. Ошондой эле Роналдунун карын энеден үч баласы бар. Белгилей кетсек, буга чейин Криштиану менен Жоржинанын үйлөнүү күнү жөнүндө массалык маалымат каражаттарында ар кандай маалыматтар чыккан. Ал эми айрым журналисттер тойдун болжолдуу датасын дагы билдиришкен.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
25.08.2020. 15:18 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Фигура жанибар экен
25.08.2020. 21:04 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+2
Ушул кантип болсун.Уйлонуп жашап кыздуу болуптурго уже.
25.08.2020. 23:43 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушулардын сүйгөнү болчу беле, 2 жылдан кийин карасаң дагы башкасын минип жүргөн болот, машина алмаштыргандай алмаштырышатго
27.08.2020. 04:55 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кабагым, кашым кыйшайбайт. Кандай каалашса ошондой болсун.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: