"Кол чатырды унутпаңыз". 26-августта өлкө аймагында жаан жаашы күтүлөт
Эртең, 26-августта Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, кээ бир райондордо жаан-чачын катуу жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге жетиши күтүлөт.
Абанын температурасы:
Чүй облусунда түнкүсүн +10, күндүз +22;
Талас облусунда түнкүсүн +12, күндүз +19;
Ош облусунда түнкүсүн +16, күндүз +25;
Жалал-Абад облусунда түнкүсүн +16, күндүз +26;
Баткенде түнкүсүн +15, күндүз +22;
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн +14, күндүз +19;
Нарын облусунда түнкүсүн +12, күндүз +25;
Бишкек шаарында жаан-чачын күтүлбөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет.
Абанын температурасы түнкүсүн +14, күндүз +27 градус болот.


