super.kg logo

Министрлик: "Бала бакчалар санэпидборбор жана жергиликтүү бийликтин уруксаты менен иштейт"

 

Республика боюнча мектепке чейинки билим берүү уюмдары аймактардагы эпидемиологиялык кырдаалга карап, балдардын жана мугалимдердин ден соолугуна жана ѳмүрүнѳ коркунуч келтирбеген шартта аймактык Санитардык эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлорунун жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими менен иш алып барышат. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Билим берүү жана илим министрлиги мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын ишмердүүлүгүн жандандыруу максатында, учурдагы эпидемиологиялык кырдаалды эске алып, Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте июнь айында буйрук чыгарган.

Ага ылайык, карантинден кийин коронавирустун жайылышын алдын алуу максатында бала бакчалардын ишин кайра улантуу үчүн атайын колдонмо даярдалып, бардык бала бакчаларга жеткирилген жана министрликтин сайтына жайгаштырылган. Мындан сырткары бала бакчаларга атайын вебинарлар уюштурулуп, санитардык-гигиеналык талаптарды сактоо шарттары түшүндүрүлгөн.

Жергиликтүү бийлик жана аймактык санэпидборборлордун уруксатын алган бала бакчалар Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан даярдалган санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин, ченемдердин талаптарын алгоритмин аткарууга милдеттүү.

Өлкөдө 1600дөн ашуун мектепке чейинки билим берүү мекемелери бар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: