super.kg logo

Биринчи вице-премьер: "Ар бир бала бакча жетекчиси нормалардын сакталышына жооптуу"

 

Мектепке чейинки билим берүү жайларында санитардык-эпидемиологиялык эрежелердин жана ченемдердин алгоритми так аткарылууга тийиш. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Биринчи вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков Билим берүү министрлигинин көңүлүн иштей элек бала бакчалардын ишин кайра улантуу жана санитардык нормаларды сактоо боюнча иштелип чыккан колдонмону республика боюнча бардык мектепке чейинки билим берүү уюмдарына жеткирүүгө бурду.

"Коронавирус инфекциясын балдарга жуктурбоо үчүн иштелип чыккан алгоритм так аткарылууга тийиш. Ар бир бала бакча жетекчиси нормалардын сакталышына жооптуу. Жергиликтүү бийлик органдары мектепке чейин билим берүү жайлары талаптарды сактоо менен иштешине шарт түзүү үчүн бала бакчалардын жетекчилерине жардам берүүсү керек", - деди Алмазбек Баатырбеков.

Штабдын жыйынында медициналык багыттагы объекттердин курулушу жана багыты өзгөртүлүп, саламаттыкты сактоо мекемесине ыңгайлаштыруу иштери жүрүп жаткан имараттарды оңдоп-түзөөнүн жүрүшү талкууланып, Алмазбек Баатырбеков ооруканалар мөөнөтүнөн кечикпей ишке берилиши боюнча тийиштүү тапшырмаларды берди.

Жыйындын жүрүшүндө айрым аймактардын эпидемиологиялык абалы талкууланды. Анткени кээ бир райондордо ооруну жуктуруп алуунун жаңы учурларынын саны төмөндөбөй жатат.

Буга байланыштуу биринчи вице-премьер-министр жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө тийиштүү санитардык коопсуздук нормалардын сакталышын көзөмөлгө алууну жана үймө-үй кыдырып, ооруп жаткандарды аныктоо иш-чараларын күчөтүү керектигин белгиледи.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: