super.kg logo
  Саясат  

Талас. Төө буурчактын орточо баасы 75 сом болууда

 
Талас облусунда төө буурчактын баасы өткөн жылдарга салыштырмалуу кымбат болууда. Бул тууралуу бүгүн, 17-сентябрь күнү өкмөттүн облустагы өкүлчүлүгүнүн агрардык секторунун башчысы Абай Шатманов айтты. Таластык дыйкандар 2010-жылы төө буурчактын килограммын 30-33 сомдон сатышса, 2012-жылдын декабрь айында баа 60 сомго чейин көтөрүлгөн. Ушул жылдын 17-сентябрына карата төө буурчактын баасы 75 сомдон ашканы айтылды. Таластын бренди болгон төө буурчак быйыл 46 721 гектар жерге эгилип, анын 17 782 гектары жыйналып алынды. Бул жалпы түшүмдүн 38 пайызы жыйналганын билдирет. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: