super.kg logo

Манасчы, акындар Ысык-Көл жээгинен ак өргөлүү болушту

 

Манасчы, акындар Ысык-Көл жээгинен ак өргөлүү болушту. Бул тууралуу алардын кесиптештери социалдык тармактагы баракчасына билдирүү жазып, куттуктап жатышат.

Маалыматка ылайык, "Айкөл-Аян" коомдук фондунун негиздөөчүсү Азиза Мамбетказиеванын демилгеси менен Кыргыз Республикасынын эл артисти, 3-даражадагы "Манас" орденинин ээси, актёр, манасчы Табылды Актановдун 70 жылдык юбилейине карата 70 баш боз үй жана манасчылардын ордосу аталган Тоң районунун Кажы-Сай айылынан 2 бөлмөлүү батир белек кылышкан.

Ошондой эле жаш муундагы улуу өнөрдү аркалагандыгы, Кыргыз маданиятына кошкон салымы үчүн манасчы Азиз Баймырза уулуна, төкмө акын Эсенбек Кийизбаевге, кытайлык боордош төкмө акын Мамбеттокто Мамбеторозо уулуна 2 бөлмөлүү батир белек кылган.

Учурда өнөр ээлеринин күйөрмандары кызуу куттукташууда.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: