super.kg logo

Шайлоо-2020: БШКнын төрайымы менен Тилек Токтогазиев жыйында кайым айтыша кетишти

 

Бүгүн, 25-августта Борбордук шайлоо комиссиясынын пресс-залында БШКнын төрайымы, шайлоо боюнча жумушчу топтун мүчөлөрү, партия өкүлдөрү жана журналисттердин катышуусунда маалымат жыйыны өтүп жатат. Анда шайлоого карата партиялардын БШКга берген документтери тууралуу жумушчу топтун маалыматы угулду.

Андан соң партия өкүлдөрүнө БШКнын төрайымына суроо берүүгө мүмкүнчүлүк берилди. Алгач "Реформа" партиясынын өкүлү Азият Жекшеев чыгып, алардын партиясынан кийинки катталгандардын документтери текшерилип, ал эми "Реформа" партиясы артка калганына нааразычылыгын билдирди. Буга БШКнын төрайымы Нуржан Шайлдабекова бардыгы мыйзамдын чегинде жасалып жатканын жана жумушчу топ ишин бүтө электигин айтып жооп берди.

Ал эми "Ата Мекен" партиясынан талапкер Тилек Токтогазиев "Кыргызстан" партиясынын айланасында жаралган түшүнбөстүктөр тууралуу маалымат берилбей жатканын айтып нааразы болду. Буга БШКнын төрайымы учурда жумушчу топтун отчёту каралып жатканын, партиялар боюнча маалымат 24 сааттын ичинде каралып баа берилерин белгиледи. Ошондой эле ал Токтогазиевге шайлоого алгач катышып жаткандыктан белгиленген тартиптен чыгып кетип жатканын эскертти.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: