super.kg logo

Ушул жылдын аягына чейин "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системин толугу менен ишке ашырууну улантат

 

2020-жылдын аягына чейин пандемияга карабай, өкмөт "Санарип аймак" автоматташтырылган маалыматтык системин толугу менен ишке ашырууну улантат. Бул тууралуу бүгүн, 25-августта премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

"Анын алкагында, мекемелер аралык "Түндүк" электрондук системине айыл аймактарын кошуу үчүн алгач жергиликтүү өз алдынча органдарында чарбалык китептердин негизинде электрондук базалар түзүлдү. "Санарип аймак", "е-Kyzmat", "Infodocs" системдерин ишке киргизүү үчүн ОБСЕнин Бишкектеги кеңсеси аркылуу техникалык колдоо иштери жүрүп жатат.

Учурда аралыктан окутууга карата мектеп мугалимдерин техникалык каражаттар менен камсыз кылуу маселеси да чечилүүдө. Алдын ала жүргүзүлгѳн мониторинг аркылуу ар бир региондордо аярлуу катмардагы 4 миң 782 үй-бүлѳдѳ телевизорлор, 65 миң 616 окуучуда смартфондор жоктугу аныкталды. Техникалык каражаттар менен камсыз кылуу боюнча донорлор тараптан окуучуларга жардам көрсөтүлөт. Мобилдик операторлор тарабынан бекер интернет байланышы берилүүдө", - деген өкмөт башчы.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: