super.kg logo

УКМК: "Бишкек мэриясынын кызматкери пара менен кармалды"

 

Кыргыз өлкөсүнүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети бүгүн, 25-августта Бишкек мэриясына караштуу Жер пайдалануу жана курулуш башкармалыгынын кызматкерин пара алып жаткан жеринен кармады. Бул тууралуу SUPER.KG порталына УКМКнын маалымат кызматынан кабарлады.

Маалыматка ылайык, кармалган адам баш калаадагы жайкы тамактануу жайы сүрдүрүлөт деп, маселени оң жагына чечип бериш үчүн анын ээсинен 100 миң сом талап кылган. Тамактануу жайынын ээсине туруктуу коргоочу болуп берерин айткан, бул үчүн дайыма акча төлөп турууну сунуштаган.

"Кызматкер 50 миң сом алып жаткан жерден кармалды. Материалдар Жазык кодексинин 326-беренеси менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестерине катталып, кармалган киши УКМКнын тергөө абагына камалды", - деп билдиришти мекемеден.

Мэрия жана аталган башкармалык атайын кызматтын маалыматына азырынча үн ката элек.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: