Коронавирус менен күрөшүүгө салым кошкон адистер Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү




270 кишиден турган дарыгерлердин тобу Ысык-Көлгө эс алууга жөнөтүлдү. Алар ордо калаанын, Талас, Нарын облустарынын саламаттыкты сактоо уюмдарында COVID-19 илдети менен күрөшүүгө салымын кошкон адистер. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
“Илдеттин очогунда иштеген саламаттыкты сактоо тармагынын бардык адистерине Ысык-Көлгө эс алууга жолдомо берилип жатат. Дээрлик 2 миңден ашуун кызматкер ден соолугун калыбына келтирүүгө мүмкүнчүлүк алышмакчы.
Ысык-Көлдүн таза абасы, туура тамактануу жана физикалык активдүүлүк COVID-19 менен күрөшкөн кызматкерлерибизге пайдалуу болот деген ишеничтебиз”, - деп билдирди саламаттыкты сактоону өнүктүрүү борборунун адиси Замирбек Акаев.
Белгилей кетсек, жолдомого ээ болгон адистер “Алтын-Жай” жана “Эне-Сай” пансионаттарында бир апта эс алышат.


