super.kg logo

"БШК чечими айрым саясий партиялардын кысымы астында кабыл алынды". Шайлоо жарышынан чыккан "Кыргызстан" партиясынын расмий билдирүүсү

 

"Кыргызстан" саясий партиясы Борбордук шайлоо комиссиясынын чыгарган чечимине макул эмес. Бул тууралуу партиянын расмий билдирүүсүндө айтылат.

Партиянын лидери Канатбек Исаевдин айтымында, "Кыргызстан" партиясынын өкүлү өз убагында мыйзамдардын бардык талаптарын сактап, талапкерлердин тизмесин каттоодон өткөрүү үчүн тиешелүү документтерди Борбордук шайлоо комиссиясына тапшырган. Мындан тышкары документтерди берген адамга ыйгарым укуктуу өкүлдүн ишеним каты берилген.


"БШК бул чечим шайлоонун жүрүшүнө канчалык деңгээлде таасир этерин эске алып, кайра чечим кабыл алышы керек. Бул добуштарды сатуу, чегинен тышкары мыйзамсыз үгүт иштерин жүргүзүү сыяктуу аракеттер эмес.

Бул техникалык ката жана шайлоо процессине эч кандай таасир тийгизе албайт. Бул жүздөгөн, миңдеген шайлоочулардын жана "Кыргызстан" партиясынын шайлоочуларынын укугун тебелөө аракети, партияны тизмеден алып салуу аракети", - деген Исаев.


Анын айтымында, Борбордук шайлоо комиссиясынын чечими айрым саясий партиялардын жана жеке адамдардын кысымы астында кабыл алынды. Буга байланыштуу жакын арада алар сотко даттанышат.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Комментарийлер(3)
25.08.2020. 23:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+9
Баары закон чегинде каралыш керек.Значит катышпайт,раз опоздали.
26.08.2020. 00:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+5
Законду ойноп жазышпаса керек эле, мыйзам баарына бирдей да. Сөзсүз 18:00гө такап отурбай эрте менен эле тапшырса эмне болмок. Түштөн кийин башка бирөөлөрдү күнөөлөбөй.
26.08.2020. 00:50 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+4
Раз болуптур жыгылган күрөшкө тойбойт болуп кайра кайра актаныштын кереги жок Кыргызстан мекеним деп ушунчалык күйүп бышсаңар мандаты жок эле жардам берсеңер деле болот 5 жыл мурун эмне кылып кыйратыңар эле карышкырлар кой терисин жамынып алдыңар эле териңер шыпырылып түштү бөрү баласы ит болбойт болуп БШКканы сотко берем деп коркутуп атасыңарбы
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: