super.kg logo

Ошко Сургуттан Кыргыз жарандары учуп келди

 

Ошко Сургуттан Кыргыз жарандары учуп келди. Бул тууралуу Республикалык штабдан билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 25-августта Кыргыз өлкөсүнүн "Авиа Траффик Компани" авиакомпаниясынын Сургут - Ош багыты боюнча рейси учуп келген.

"Кыргыз өлкөсүнө Орусиядан 160 Кыргыз жараны кайтып келди, анын ичинде балдар да бар. Бул рейс чет мамлекеттерден биздин жарандарды кайтаруу боюнча жүргүзүлгөн иштин алкагында Кыргыз Республикасынын президентинин жана өкмөтүнүн тапшырмасын аткаруу үчүн жетишилген Кыргыз өлкөсү менен Орусиянын тышкы саясий мекемелеринин макулдашууларын жүзөгө ашыруу үчүн уюштурулган.

Жүргүнчүлөрдүн тизмеси Орусиянын Ханты-Мансийск жана Ямало-Ненецк автономдук округдарында жашаган Кыргыз жарандарынын берген жеке арыздарынын негизинде Орусиядагы Кыргыз өлкөсүнүн элчилигинин Сургут шаарындагы Канцеляриясы тарабынан Кыргыз диаспора уюмдарынын өкүлдөрү менен биргеликте түзүлгөн", - деп айтылат маалыматта.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: