super.kg logo

Украинанын мурдагы өкмөт башчысы Юлия Тимошенко жасалма дем алдыруучу аппаратка туташтырылды

 
Украинанын мурдагы өкмөт башчысы Юлия Тимошенкону дарыгерлер жасалма дем алдыруучу аппаратка кошту. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар өздүк булактарына таянуу менен жазып чыгышкан.
Маалым болгондой, өткөн аптада Тимошенко, анын кызы жана күйөө баласы коронавирус жуктуруп алганы айтылган.
"Украина Жогорку Радасынын депутаты Юлия Тимошенконун дене табы көтөрүлүп, өзүн жаман сезип баштаган. Ал ооруканага оор абалда жаткырылган. Ал эми анын жакындары илдетти жеңил өткөрүп жатат. Тимошенконун катчысы Марина Сороканын билдирүүсүнө караганда, азырынча жакшы жаңылык жок. Мурдагы өкмөт башчы терапиянын интенсивдүү курсун алып жатат", - деп айтылат маалыматта.
Юлия Тимошенко Украинадагы белгилүү саясатчы, Жогорку Раданын депутаты жана "Батькивщина" партиясынын лидери. Ал дүйнө элине күчтүү саясатчы гана эмес, саркеч кийимдери жана өзгөчө чач жасалгасы менен таанымал.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.08.2020. 18:33 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ооба, чачы жагат. Эч укладканы талап кылбайт. Улутун ушу чачы менен сактап, дуйно элине даназалап келет. Биздин Сокенин аялы деле жоолук менен журуп озгочолонуп турат го. Аялдар баарыбыз Президенттин аялындай эле кылып жоолук кийсек гана, хиджап,миджабы жок эле.
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: