super.kg logo

"Балдар үчүн ишеним телефону" борборуна бир аптада 3 миң 268 кайрылуу келип түшкөн

 

"Балдар үчүн ишеним телефону" кызматына бир аптада 3 миң 268 кайрылуу келип түшкөн. Бул тууралуу Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинен билдиришти.

Ага ылайык, бул көрсөткүч 2020-жылдын 15-22-августуна карата алынган.

Кайрылуулардын түрү жана мүнөзү төмөнкүдөй:

– психологиялык жабырлануудан – 24;

– социалдык жардам сурагандар – 14;

– гуманитардык, финансылык жана башка жардам сурагандар – 14;

– аялдарга карата үй-бүлөлүк зомбулук көрсөтүлгөндүгү тууралуу – 10;

– балдарды тарбиялоо, анын жүрүм-туруму, ата-эне менен балдардын мамилелери боюнча – 8;

– балдарга карата ырайымсыз мамиле, зомбулук көрсөтүлгөндүгү тууралуу – 5;

– БҮИТ(балдар үчүн телефон борбору) борбору жөнүндө маалымат – 5;

– үй-бүлөлүк мамилелер жана чыр-чатактар тууралуу – 4;

– балдарга карата кайдыгер мамиле тууралуу – 2;

– медициналык камсыздоо боюнча – 2;

– ар кандай суроолор менен – 2 ;

– суицид тууралуу – 1.

Түшкөн кайрылуулардын географиялык бөлүнүшү төмөнкүчө:

– Бишкек шаарынан – 32 (же 35,2%);

– Чүй облусунан – 11 (же 12,1%);

– Ысык-Көл облусунан – 10 (же 10,9%)

– Жалал-Абад облусунан – 8 (же 8,8%);

– Ош шаарынан – (же 5,5%);

– Ош облусунан – 4 (же 4,4%);

– Талас облусунан – 2 (же 2,2%);

– Баткен облусунан – 1 (же 1,1%);

– анонимдерден – 18 (же 19,8%).

Мекемелерге, уюмдарга жөнөтүлгөн кайрылуулар боюнча борбор такай иш алып барат, алардын каралгандыгынын жыйынтыгы тууралуу мамлекеттик органдардын аймактык бөлүмдөрүнөн маалыматты, жоопту алып турат.

Эгерде балага карата зомбулук жасалып жатканына күбө болсоңуз, же ушул тууралуу маалыматыңыз бар болсо, 111 номуру боюнча “Балдар үчүн ишеним телефонуна" байланышса болот.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(1)
26.08.2020. 14:47 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Ата-энелерге ынсап сабыр берсин!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: