Жалал-Абад. Улуттар аралык мамилени чыңдоо боюнча иштей турган коомдук кабылдама ачылды
Жалал-Абад шаардык мэриясынын алдында улуттар аралык мамилени чыңдоо багытында иштей турган коомдук кабылдама ачылды. Муну бүгүн, 17-сентябрда жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана улуттар аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттиктин директорунун кеңешчиси Өмүрбек Алманбетов айтты. Ал билдиргендей, облуста 5 коомдук кабылдама ачылып, элге түшүндүрүүү иштери жүргүзүлөт. "Кээде эки улуттун өкүлдөрү кошуна жашаганына карабай суу талашып же башка майда нерседен улам урушуп кетишет. Коомдук кабалдама ушундай көйгөйлөрдү чечүү менен алектенет",- деди Алмамбетов.
Автор: Кенже Тынымбек кызы
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
15:27
2025-11-06
21:13
2025-11-05
Рейтинг:
0
0
Талкуу жабык.

Супер-Инфо
super.kg видео

















