Биометрикалык маалыматтарды чогултуу боюнча райондук борборлор иштеп жатат
24-августтан тартып калаанын төрт районунда биометрикалык маалыматтарды чогултуу борборлору бардык санитардык эрежелерди катуу сактоо менен иштеп жатат. Бул тууралуу Бишкек шаардык мэриясынын маалымат кызматынан билдиришти.
Биометрикалык маалыматтарды 16 жаштан өткөн жана биометрикалык маалыматтарды тапшыра элек жарандар тапшырса болот.
Биометрикалык маалыматтарды чогултуу борборлору төмөнкү даректерде жайгашкан:
- Биринчи Май районунун тургундары үчүн Ростов көчөсү, 19б дарегинде жайгашкан «Тазалык» муниципалдык ишканасынын базасында биометрикалык маалыматтарды чогултуу борбору ачылган. Толук маалымат: 0705 635363;
- Свердлов районунун тургундары үчүн биометрикалык маалыматтарды чогултуу пункту «Дордой» жаңы конушунун №94 мектебинде саат 09:00дөн 18:00гө чейин иштейт. Толук маалымат үчүн байланыш: 0505 577222;
- Октябрь районунун тургундары Байтик Баатыр көчөсү, 17 дарегиндеги Октябрь райондук администрациясына саат 09:00дөн 18:00гө чейин кайрыла алышат. Толук маалымат: 0550 776644;
- Ленин районунун жашоочулары Интергельпо көчөсү, 2 дарегинде жайгашкан №57 мектептин имаратына келип, биометрикалык маалыматтарын каттата алышат. Толук маалымат: 0705 160513.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-09-10

18:20
2025-09-10

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.