super.kg logo

Премьер-министр инвестициялык долбоорлордун кураторлук механизми өкмөттүн кризиске каршы планына киргизилгенин айтты

 

Премьер-министр Кубатбек Боронов мамлекеттик органдардын катышуусунда өнөр жай ишканаларын жана инвестициялык долбоорлордун кураторлук механизми боюнча кеңешме өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Кеңешменин жүрүшүндө бул механизм ишканалардын карантинден кийинки иш-аракеттерине жагымдуу экономикалык жана уюштуруучулук шарттарды түзүүнү, жакшы натыйжага жетишүү үчүн колдоо процессин жөнгө салуу, инвестициялык долбоорлордун ишке ашырылышына мониторинг жүргүзүү жол-жобосун тутумдаштыруунун шарттары айтылды. Бул аракеттердин жыйынтыгы жумушсуздуктун деңгээлин төмөндөтүп, иш орундарын түзүүнү камсыз кылат.

Механизмге ылайык, ар бир өнөр жай ишканасына жана инвестициялык долбоорго мамлекеттик органдын жетекчиси куратор болот, ал эми долбоорлорду жүзөгө ашыруу боюнча координацияны өлкө премьер-министри жүргүзөт.

Кубатбек Боронов жыйындын жүрүшүндө бул механизмди түзүүгө коронавирус инфекциясынын глобалдык пандемиясы, анын Кыргыз өлкөсүнүн экономикасына тийгизген таасири түрткү болгонун белгиледи.

Өкмөт башчы кураторлук механизмин киргизүү менен бир катар маселелер, анын ичинде Covid-19дун өлкөнүн өнөр жай ишканаларынын экономикалык ишмердүүлүгүнө жана инвестициялык климатка тийгизген таасирине байланыштуу маселелерди ыкчам чечүүгө негиз болорун билдирди.

Премьер-министр өнөр жай ишканаларынын жана инвестициялык долбоорлордун тизмесине белгилүү мөөнөттө ишке ашыруу мүмкүн болгон объектилер киргенин белгиледи. Тизме тийиштүү анализдин негизинде түзүлдү. Ошол эле учурда ал кураторлук кылуу жана колдоо көрсөтүү үчүн мүмкүнчүлүккө жараша толукталып турат.

Премьер-министр ошондой эле кураторлук механизми өкмөттүн кризиске каршы планынын экинчи пакетине киргизилгенин кошумчалады.

Кеңешменин соңунда премьер-министр Кубатбек Боронов ар бир өнөр жай ишканасы жана инвестициялык долбоор боюнча кураторлорду дайындады, алар өз кезегинде бекитилген ар бир долбоор же ишкана үчүн түздөн-түз жооп беришет.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: