super.kg logo

Кант шаарында өспүрүм кыз уктоочу бөлмөсүнө асынып алды

 

Бүгүн, 26-августта Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө Кант шаарындагы кичи райондордун бириндеги үйдө жашы жете элек 2008-жылы туулган П.В. аттуу кыздын жансыз денеси табылгандыгы жөнүндө телефон аркылуу билдирүү түшкөн. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, каза болгон кыз уктоочу бөлмөсүнө асынып алган.

"Бул факты боюнча Ысык-Ата районунун ички иштер башкармалыгынын тергөө ыкчам тобу барган. Окуя боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук-медициналык экспертиза дайындалды. Алдын ала маалыматтар боюнча, кыз асынып алганы белгилүү болду. Бардык жагдайлар иликтенүүдө.

Азыркы учурда тергөө жана ыкчам иликтөө иш-чаралары, сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатат, анын жыйынтыгы боюнча кошумча маалымат беребиз", - деп билдиришти башкармалыктан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: