super.kg logo

Нурболот Үсөнбаев: "Эпидемиологиялык абал курч мүнөзүн жогото элек"

 

"Эпидемиологиялык абал курч мүнөзүн жогото элек. Дүйнө жүзүндө пандемия дагы деле жүрүп жатат жана айрым мамлекеттерде мектеп окуучуларынын арасында оору жугуп жатканы белгилүү. Мындан улам Саламаттыкты сактоо министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги менен биргеликте жаңы окуу жылына даярдыктарды көрүүдө. Айрыкча, 1-класска бара турган балдардын окуусуна шарттар түзүлүп жатат. Ошондой эле ар бир ата-эне бул маселеге жакшы көңүл буруп, ар бир санитардык талаптарды аткаруусу зарыл", - деп билдирди саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев бүгүнкү брифингде.

Анын айтымында, шарттуу түрдө окула турган фортепиано, балет жана башка окууларга атайын талаптар иштелип чыгат жана алар толук сакталышы кажет.

Эпидемиологиялык абалга байланыштуу ар бир адам ооруну жугузуп албоо үчүн санитардык талаптарды сактоосу зарыл. Ооруп, айыгып чыккандар вирусту кайра жуктуруп албаш үчүн реабилитациянын шарттарын толук аткаруусу зарыл. Эгерде оорунун кандайдыр бир белгиси пайда болсо, өз алдынча дарыланбастан, түздөн-түз медицина кызматкерлерине кайрылуу кажет. Өз алдынча дарылануу ден соолукка зыян экенин унутпаңыздар.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: