Нурадил Баясовго Инвестицияларды илгерилетүү агенттиктин директорунун милдетин убактылуу аткаруу жүктөлдү
Нурадил Баясов Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттиктин директорунун орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, тийиштүү буйрукка премьер-министр Кубатбек Боронов кол койду.
Ошондой эле Нурадил Баясовго агенттиктин директорунун милдетин убактылуу аткаруу жүктөлдү.
2020-жылдын 4-октябрына дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоонун жыйынтыгы чыкканга чейин Инвестицияларды илгерилетүү жана коргоо боюнча агенттигинин директору Шумкарбек Адилбек уулунун кызматтык ыйгарым укуктары убактылуу токтотулган.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-09-10

18:20
2025-09-10

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.