super.kg logo

Талас облусунда калкты пландык эмдөө кызуу жүрүүдө

 

Калкты пландык эмдөө облустарда кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Талас облусу боюнча эмдөө компаниясын тездетип, аны 90 пайызга ишке ашыруу зарыл. Таластагы айрым айыл өкмөттөр калкты эмдөө иштерин 60 пайызга аткарышты.

"Быйыл календардык планга ылайык, эмдөө иштерин өз учурунда баштаганбыз. Бирок COVID-19 илдети күчөп, июль айында калкты вакцинациялоо басаңдай түштү. Натыйжада Талас шаары боюнча 1 жаштагы балдар 40 пайыз, 2 жаштагы балдар 37 пайыз, 6 жаштагы балдар 38 пайыз эмделип бүттү. Сентябрь, октябрь айлары Таластын жашоочуларынын 90 пайызын эмдөөгө аракет кылабыз. Учурда облус боюнча мобилдик топтор иштеп жатышат. Алар үймө-үй кыдырып, даректүү эмдөө жүргүзүшүүдө", - дейт Талас облусунун иммунологу Чолпон Сагындыкова.

Талас облусунун жашоочулары эмдөө компаниясын түшүнүү менен кабыл алып, иммунопрофилактикалык иш-чараларга активдүү катыша баштаганын иммунолог кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: