Жабыркаган карыя: "Мен аны урат деп ойлогон эмесмин, бир маалда эле тарс эттире бир койду" (видео)

Ош облусунун Кара-Суу районунун Савай айылында 81 жаштагы карыяны сабаганга шектелген жаран кармалган. Буга чейин, 14-августта карыяны белгисиз жаран ур-тепкиге алган, окуяга коомчулук нааразы пикирин билдирип жаткан.
Ал эми жергиликтүү телеканалдардын бири жабыркаган Калыбек Исаковдун үйүнө барып, анын пикирин уккан. Анда ал окуя тууралуу мындай деп айтып берген.
"Мен аны урат деп ойлогон эмесмин, бир маалда эле тарс эттире бир койду, жыгылып түштүм, калганын билбейм. Беш балам бар, алар азыр Орусияда. Учурда кызым карап жатат. Уул балага караганда кыз бала ата-энеге камдуу, күйүмдүү болот экен. Мага балдарымдын акчасынын кереги жок, алар тынч болсо болду. Кыргыз эли тынч болсун, өнүгөлү", - деп билдирген жабыркаган карыя Калыбек Исаков.









1 |