Улуттук банктын төрагасы: "Өлкөгө акча которуулардын агымы 13,1 пайызга төмөндөдү"
Өлкөгө акча которуулардын агымынын көлөмү өткөн жылдын көрсөткүчтөрүнөн төмөн бойдон калууда. Бул тууралуу Улуттук банктын төрагасы Толкунбек Абдыгулов бүгүн, 26-августта өткөн брифингде билдирди.
Ага ылайык, 2020-жылдын январь-июнь айларына карата өлкөгө акча которуулардын таза агылып кирүү агымы 763 миллион 600 миң долларды түзүү менен 13,1 пайызга төмөндөгөн.
"Бул көрсөткүч ички керектөөнүн бир калыпта кармалышын шарттайт. Өлкө экономикасына тышкы жана ички факторлор өздөрүнүн таасирлерин тийгизип жатат. Өлкөнүн экономикалык жигердүүлүгүнүн көрсөткүчтөрү терс зонада болуусу уланып жатат. Бирок ошол эле маалда бизнес жандана баштады.
Ага жараша ички дүң өндүрүүнүн калыбына келиши күтүлгөн болжолдоолорго караганда тез жүрүп жатканын байкап жатабыз. 2020-жылдын январь-июль айларынын жыйынтыгы боюнча, реалдуу ИДӨ 6,1 пайызга төмөндөгөн. Кумтөрдү эске албаганда төмөндөө 7,7 пайызды түзгөн", - деди Абдыгулов.


