"Көнгөн адат калабы". "Кайнар" ресторанында кайрадан куран окутулду
Бишкек мэриясы санитардык нормаларды бузгандар менен күрөшүүнү улантууда. Кезектеги текшерүүдө "Кайнар" ресторанында санитардык эрежелер сакталбастан, көп адамдардын катышуусунда куран окутулуп жаткандыгы аныкталды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мэриянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Октябрь районунун башчысы Азамат Дороев жана райондук администрациянын кызматкерлери, Санитардык-экологиялык инспекциясынын жана МАБ кызматкерлери менен биргеликте "Кайнар" ресторанында массалык иш-чара өткөрүлүп жатканда, күтүлбөгөн жерден кирип барышты. Ресторанга Бузуулар жөнүндө кодексинин 293-беренеси боюнча протокол түзүлдү", - деп билдиришти мэриядан.
Буга чейин "Кайнар" ресторанында 2 жолу куран окутуу болуп, ресторан белгисиз мөөнөткө жабылган.






1 |