Баткен облусунда 25 миңге жакын адам медициналык кароодон өттү
Баткен облусунда 25 миңге жакын адам медициналык кароодон өттү. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалым болгондой, Баткен облусунун аймагында үймө-үй кыдыруу, оорулууларды аныктоо, түшүндүрүү иштерин жүргүзүү жумуштары жүрүүдө.
"Үй - бүлөлүк дарыгерлер топтору 25-августка карата жалпы 10 миң 44 турак үйдө, көп кабаттуу үйлөрдүн 70 батиринде жашаган жарандарды медициналык кароодон өткөрүштү.
Натыйжада 24 миң 982 адам медициналык кароодон өтүп, 374 адамда ар кандай оорулардын белгилери, анын ичинен 192 адамда коронавирус аныкталып медициналык жардамдар жана кеңештер берилген", - деп жазылат маалыматта.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:55
2025-09-10

18:20
2025-09-10

Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.